Пресс-борбор

Консультант: педофилдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек

Эксперттин айтымында, педофилдерге карата өлүм жазасы менен химиялык бычууну киргизген менен жыйынтык бербейт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Педофилдерге карата катаал чараларды көрүү алар менен сүйлөшүүгө караганда аз жыйынтык берет. Мындай пикирин Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча консультанты Бермет Барыктабасова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда болгон жыйында билдирди. 

Консультант Минздрава КР по доказательной медицине Бермет Барыктабасова

Ал өз сөзүндө буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары педофилдерди химиялык жол менен бычууну демилгелеп чыгышканын айтты. Ошону менен бирге эле өлүм жазасын киргизүү маселеси да көтөрүлгөн. Анын айтымында, медицина кызматкерлери бул маселени тереңден изилдеп, дүйнөдө бул көйгөй он жыл мурун эле көтөрүлгөнүн аныкташкан.

"Абакка кесилген миңдеген кишилерге түрдүү жазаларды колдонуп көрүшкөн. Химиялык жол менен бычуу зордукчунун аң-сезимине таасир бербейт. Кылмышкерлер менен сүйлөшүү гана жакшы жыйынтык бере алат. Педофилия — бул парапсихологиялык бузулуу. Зордукчулардын өзү кичинекейинде ошону башынан өткөрүшү мүмкүн. Бул кайрадан кайталана берген нерсе", — деди ал.

Барыктабасова ошондой эле педофилдерди мыйзам боюнча жазага тартуу керектигин баса белгиледи. Ошол эле учурда жазалоо аракеттери да аны түзөтүү максатында болушу шарт экенин кошумчалады.