Хорватиянын футбол командасы чемпионаттан алчу акчасын балдарга берет

Чемпионатта экинчи орунду ээлегендиги үчүн Хорватия футболчулары 28 миллион доллар алат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Хорватиянын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Футбол боюнча 2018-жылы Россияда өткөн чемпионатта алчу сыйлык акчаларын өлкөдөгү жакыр жашагандарга бермей болду. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.

"Команданын машыктыруучусу Златко Далич алардын ала турган акчасы Хорватияда жашап бирок Адриатика деңизин көрө элек балдарды алып барган атайын фондуга жумшалат. Ал спортчулар Ховартиядагы жашоо-деңгээлди жакшыртууну каалаарын, себеби аталган өлкөнүн жарандары азыр кыйын күндөрдү башынан кечирип жаткандыгын айткан", — деп жазган басылма.

ФИФА футбол боюнча 2018-жылы Россияда өткөн чемпионатта экинчи орунду ээлеген командага 28 миллион доллар бермекчи. Байге фондусу 2017-жылы аныкталып, жалпы сумма 400 миллион долларды түзгөн.