Билл Гейтс альцгеймер дартын изилдөөгө 30 миллион доллар бөлөт

Гейтс мындай кадамга Альцгеймер дарты аныкталган үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшкөндөн кийин келгенин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Америкалык миллиардер жана Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс үч жыл ичинде Альцгеймер дартын изилдеген фонддун эсебине 30 миллион доллар которот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Гейтс мындай бүтүмгө альцгеймер дарты аныкталган үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшкөндөн кийин келгенин айткан. Миллиардердин атасы дагы дал ушул дарт менен ооруган.

"Андыктан мен кийинки инвестицияны альцгеймер дартын иликтеген Diagnostics Accelerator фондуна каражат салам. Аталган мекеме дартты эрте аныктоо боюнча инновациялык иштерди жасап келет", — дейт ал.

Окумуштуулар диабет оорусу кандай болгондо өрчүп кетерин айтышты
Бул фондго Билл Гейтстен тышкары Estee Lauder космостук компаниянын төрагасы Рональд Лаудер, Dolby Family Ventures ишканасы менен Чарльз фондунун өкүлү Хелен Шваб дагы ири инвестиция жасаган.

Америкалык миллиардер былтыр күзүндө мээ ооруларын изилдеген Dementia Discovery Fund фондуна да 50 миллион доллар которгон болчу.