Улуттук университеттин кафедра башчысы пара алып жатып кармалды

Студент окутуучу андан 400 доллар талап кылганын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы студенттен пара алганы боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу финполдун маалымат кызматы билдирди.

Паранын 80 миң сомун аялынын эсебине котортуп койгон инспектор кармалды
Ага ылайык, аталган университеттин студенти финполго кайрылып, кафедра башчысы дипломдук иши үчүн 400 доллар талап кылып жатканын айткан.

14-июлда 27 миң сом алып жаткан жеринен кафедра башчысы кармалып, Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин негизинде ("Кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу") кылмыш иши козголгон.

Ведомстводон тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.