Агенттер кылды! Трамп чалгындоо кызматына ишенерин айтканда Ак үйдө жарык өчүп калды

Президент Дональд Трамп АКШнын чалгындоо кызматына ишенерин айтаары менен бир нече секундга жарык өчүп калды. Буга чейин аталган кызмат "АКШнын шайлоосуна Россия кийлигишкен" деген маалымат тараткан болчу.
Sputnik

АКШ президенти Дональд Трамп сүйлөп жаткан учурда Ак үйдө электр жарыгы өчүп калганын РИА Новости жазды.

Дональд Трамп Россия лидери менен жолуккандан кийинки сындарга жооп берди
Видеону AP YouTube-каналы жарыялаган.

Шейшемби күнү Трамп резиденцияда конгрессмендер менен жолугуп, Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен Хельсинкидеги сүйлөшүүсү тууралуу айтып берип жаткан.

Жыйында Трамп АКШнын чалгындоо кызматына ишенерин айтып жатканда бир нече секундга жарык өчүп калган.

"Мен толугу менен АКШнын чалгындоо агенттерине ишенем… Ой, алар жарыкты өчүрүп салышты. Булар чалгындоо кызматынын агенттери. Баары жайындабы?" — деп президент жылмайган.

Анткен менен Трамп 16-июлдагы Путин менен өткөргөн маалымат жыйында эки тарапка тең, Россиянын президентине да, Американын чалгындоо кызматына да ишенерин айткан.

Трамптын бул кылыгы көпчүлүк америкалыктардын кыжырын кайнатып, аны "аз жерден өлкөнү сатып кете жаздады" деп айтыпташкан.