Жаштар арасында тарыхты өздөштүргөндөр жетиштүү деңгээлде эмес. Бул тууралуу Муратбек Кожобеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жаштар тарыхка эмес, башка азгырууларга кызыгып жатат.
"Тарыхты билүү кишинин дүйнө таанымын кеңейтет. Адам ар дайым издениши зарыл. Жеңил жакка өтүп, жеңил жолду тандап алса, киши бир жерде эле тура берет. Мисалы азыркы жаштар фейсбуктан, же википедиядан бир маалыматты окуп алып, менин билим деңгээлим жетиштүү деп ойлойт. Бул туура эмес. Бар байлыктын баары – бул тарыхта", — деди Кожобеков.
Ал ар бир жаран өз элинин тарыхы менен сыймыктаныш керектигин кошумчалады.