Москвада жол кырсыктан каза болгон КР жарандары боюнча кылмыш иши козголбойт

18-июлда Москванын Ташкент көчөсүндөгү жол кырсыктан Кыргызстандын үч жараны каза болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Машинанын айдоочусу каза болуп калгандыктан Москва шаарында кыргызстандыктардын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголбойт. Бирок жол кырсыгынын чоо-жайын аныктоо үчүн сот-медициналык экспертиза дайындалат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

18-июлда таңга жуук Москва шаарынын Ташкент көчөсүндө болгон жол кырсыктан кыргызстандык таксист, эки жүргүнчүсү менен жол кырсыгынан каза болгону маалымдалган.

Элчиликтин маалымдашынча, каза болгон кыргызстандыктардын жаштары 20, 21, 29да. 

"Маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн тийиштүү документтер толтурулуп, каза болгондордун бирөөнүн тууганына берилди. Эки маркумдун туугандары изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары каза болгондордун экөө Россиянын жарандыгын алганын элчиликтен билдиришти.