Соңку беш айда мигранттар Кыргызстанга 972,3 миллион доллар жөнөттү

Быйыл акча которуулар өткөн жылга салыштырмалуу 120,8 миллион долларга жогорулаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар соңку беш айдын ичинде мекенине 972,3 миллион доллар которду. Бул туурасында Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү
Каражаттын 954 миллион доллары Россияда иштеген мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн.

Өткөн жылы ушул убакыт аралыгында мигранттар 851,5 миллион доллар которгон. Муну менен былтыркыга салыштырмалуу быйылкы көрсөткүч 120,8 миллион долларга жогорулаганын байкоого болот. 2017-жылы жалпы жонунан 1,319 миллиард доллар которулган.

Расмий маалымат боюнча азыркы тапта Россияда 600 миңден ашык мекендеш эмгектенет. Өлкө ЕАЭБге кошулгандан кийин кыргызстандыктардын эмгек укуктары Россиянын жарандары менен теңделип калган.