Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы качан кескин өскөнү айтылды

Кубатбек Боронов күйүүчү майдын кымбатташына жол бербөө керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов күйүүчү-майлоочу майлардын бааларын турукташтыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Нефтетрейдерлер бензиндин июлдагы баасына божомолун айтышты
Боронов майдын баасынын өсүшү калкты түйшөлтүп жатканын айтып, бул көрүнүш көптөгөн кызматтар менен товарлардын, азык-түлүктүн кымбатташына алып келерин айтты.

Аткаминер андыктан күйүүчү майдын кымбатташына жол бербөө керектигин белгиледи.

Ал эми Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Алымбек Орозбеков өлкө аймагында май качан кескин кымбаттап кеткенине токтолду.

"Күйүүчү жана майлоочу майдын баасы негизинен 2018-жылдын май айынын аягында, июндун башында кымбаттаган. Июнь айынын экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес", — деди ал.

Орозбеков ошондой эле чекене сатыктагы майдын баасынын кымбатташына россиялык мунайзатты кайра иштетүүчү заводдордогу баалар дагы таасир бергенин кошумчалады.

Июнда күйүүчү май 1 сомго кымбаттап, наркы дагы деле көтөрүлүүдө
"Эгерде 2018-жылдын январь айынан июнга чейин россиялык рынокто дүң баалардын өсүүсү орточо 6 пайыздын тегерегенде болсо, май-июнда дүң баалар 30 пайызга чейин көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында күйүүчү майлоочу майлардын чекене бааларынын өсүү тенденциясы байкалган. Ошону менен бирге 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна бензин жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон", — деди Орозбеков.

Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине майдын баасын көзөмөлгө алууну тапшырды.