Каракол шаарында жапайы өскөн 600 кг кара куурай жок кылынды

Июнь айынын башында кара куурай өскөн аймактар иликтенип аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Каракол шаарында "Мак" операциясынын алкагында жапайы өскөн 600 килограммдан ашык кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ага ылайык, июнь айынын башында Каракол шаарынын милициясы, миэриянын өкүлдөрү менен бирге Пристань-Каракол аймагынан жапайы өсүп жаткан кара куурай баскан аймактарды иликтеп аныктаган.

1 / 2
Каракол шаарында "Мак" операциясынын алкагында жапайы өскөн 600 килограммдан ашык кара куурай өрттөлүп жок кылынды.
2 / 2
Июнь айынын башында Каракол шаарынын милициясы, миэриянын өкүлдөрү менен бирге Пристань-Каракол аймагынан жапайы өсүп жаткан кара куурай баскан аймактарды иликтеп аныктаган.

"24 гектар жер иликтенип анын 80 сатыхында жапайы кара куурай өсө турганы аныкталган. 18-июлда аны жок кылуу боюнча аракеттер көрүлүп, 50-60тай киши тартылган. Бир күндө 600 килограмдан ашык каракуурай жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.

Усубакунов мындай аракеттер такай өткөрүлүп турарын кошумчалады.