Радио

Бабаева: жашы жете элек балдарды иштеткендер менен күрөшүп жатабыз

КРдин Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева жашы жете элек балдарды кара жумушка тартуу учурлары көп катталып жатканын айтты.
Sputnik
Бабаева: жашы жете элек балдарды иштеткендер менен күрөшүп жатабыз

Жашы жете элек балдарды ишке тартуу менен да катуу күрөшүүдөбүз. Атайын текшерүүлөргө чыгып, мындай учурлар аныкталганда Социалдык  жактан өнүктүрүү жана эмгек министрлиги менен биргеликте иш алып барабыз. Бул тууралуу Рыскүл Бабаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча 16 жаштан жогорку балдар гана өз алдынча иштей алат. Ал эми 14 жаштан баштап иштейм десе, ата-энесинин макулдугу менен жеңил жумуштарга тартууга уруксат берилген.

"Балдарды кара жумушка тартуу боюнча маселе көтөрүлгөндө эле эмгектик тарбия берип жатабыз деп чыгышат. Бирок, иш жүзүндө жеткинчектер унаа жууп, базарларда араба сүйрөп, айыл жерлеринде оор талаа иштерине тартылууда. Эгер бала ата-энесине жардам берип, окуусун калтырбай иштесе бул эмгек тарбиясы болот. Көпчүлүк учурларда мындай эрежелер сакталбай калууда. Тилекке каршы, иштеп жүргөн ошол балдардын 90 пайызы окушпайт. Эмнеге мындай деп үйлөрүнө барсак, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн же ата-энесинин биринен ажырап калган балдар болуп чыгат. Биз балдарды тиешелүү министрликке өткөрүп беребиз. Алар башка жеңилирээк жумуштар менен камсыздап, окууга киргизүүгө аракеттенишет", — деди Бабаева.

Аткаминер бул көйгөйдөн арылуунун жалгыз жолу — өлкөдө жакырчылыкты жоюу экенин кошумчалады.