Фучик сейил багынын жаңылангандан кийинки көрүнүшү

Буга чейин мэрия калаанын ар бир районуна 30 миллион сомдон бөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкекте Юлиус Фучик атындагы паркы реконструкциянын биринчи этабынан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

1 / 5
Бишкекте Юлиус Фучик атындагы паркы реконструкциянын биринчи этабынан кийин ачылды.
2 / 5
Сейил бакты жаңылоо иштерин Ленин райондук администрациясы аткарууда.
3 / 5
Оңдоо иштеринин алкагында 8500 чарчы метр жер асфальтталды.
4 / 5
Ошондой эле 92 жарык берүүчү мамы, 22 видео каттагыч, 11 жерге интернет булагы орнотулуп, ирригациялык система калыбына келтирилди.
5 / 5
Жети жерге суу түтүктөрү менен канализация дагы орнотулду.

Сейил бакты жаңылоо иштерин Ленин райондук администрациясы аткарууда. Оңдоо иштеринин алкагында 8500 чарчы метр жер асфальтталды. Ошондой эле 92 жарык берүүчү мамы, 22 видео каттагыч, 11 жерге интернет булагы орнотулуп, ирригациялык система калыбына келтирилди. Жети жерге суу түтүктөрү менен канализация дагы орнотулду.

Паркты оңдоп, лаборатория салабыз. Түркиядан келген делегация Нарында жүрөт
Ал эми административдик имараттын алдына бир жылдык 70 гүл өстүрүлдү. Мындан сырткары, эс алуу аймагын жарыктандыруу үчүн 1500 метрлик кабель тартылды. Ошондой эле паркка 45 отургуч, 12 бастырма, 90 урна, үч чатыр коюлду.

Сейил бактын ачылышына вице-мэрлер Геннадий Милицкий менен Асель Куламбаева, Ленин районунун жетекчиси Нурдин Тынаев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин депутаттары жана тургундар катышкан.