Депутат Канат Исаев үй камагына чыгары менен апасына жөнөдү

Иш Бишкек шаардык сотунда каралды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын караган Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу сот отурмуна катышкан депутат Алмамбет Шыкмаматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Исаев сот залынан үй камагына чыгарылды. 

Депутат Канат Исаев

"Канат Исаев сот залынан чыгары менен апасы менен учурашам деп үйүнө кетти", — деди Шыкмаматов.

Кубанычбек Кулматов дагы эки ай камакта калтырылды
Белгилей кетсек, Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп коорупция беренеси менен айыпталган болчу. Бирок коррупция беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" деп өзгөртүлүп, кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш кыскартылган болчу.

Мындан тышкары, Канат Исаев массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып, белгисиз мөөнөткө камакка алынган эле.