Сокулукта вагон күйүп ичиндеги киши каза болду

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Сокулук районунун Шопоков шаарчасындагы Ала-Арча жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде турган вагондон өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Окуя кечээ, 17-июлда болуп, кырсыктын кесепетинен 61 жаштагы эркек киши набыт болгон. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Өрт электр зымдарынын биригип кетишинен улам чыккан.