Бишкекте эки троллейбус кагышты. Жеринен алынган сүрөттөр

Жол кырсыгы 10-кичи райондо болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбор калаада эки троллейбус кагышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Бишкекте бетон аралаштыргыч менен жеңил автоунаа кагышты. Сүрөт
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 18-июлда болжол менен эртең мененки саат 8:20да, 10-кичи райондогу Абдрахманов көчөсүндө катталган.

Троллейбустун айдоочусу кабарчыга унаанын тормозу иштебей калганын айткан. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркаган адамдар жок. 

1 / 4
Борбор калаада эки троллейбус кагышты.
2 / 4
Борбор калаада эки троллейбус кагышты.
3 / 4
Борбор калаада эки троллейбус кагышты.
4 / 4
Борбор калаада эки троллейбус кагышты.

Бул боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жана Тез жардам борборуна эч кандай чалуулар түшкөн эмес.

Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочулардын бири токтоордо аралыкты сактабагандыктан кагышуу болгонун маалымдады.

Унаалар учурда станцияда, жол кырсыгынын себептери такталууда.