Бишкекте дагы бир өспүрүм жоголду. 13 жашар Айназиктин сүрөтү

Айназиктин жүргөн жерин билгендер болсо Свердлов райондук милициясына кабарласа болот.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Борбор калаада 13 жаштагы Эмил кызы Айназик изделип жатканын Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өспүрүм ушул жылдын 12-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 

Без вести пропавшая 13-летняя Эмил кызы Айназик

Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, арык, чачы, көзү кара. Сол жак капталында операциядан кийин калган тырыгы бар.

Үстүнө күрөң түстөгү футболка кийип жүргөн.

Айназиктин жүргөн жерин билгендер болсо Свердлов райондук милициясы 0(312) 43-32-75, (0772) 05-20-00, (0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.