Балыкчыдан Караколго бараткан жолдун асфальтын суу жеп чөгүп кетти. Видео

Жеңил унаалар аңдын четинен жүргүнчүлөрдү түшүрүп анан өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Балыкчы — Барскоон — Каракол унаа жолунун Чоң-Жаргылчак аймагында негизги тарассаны суу жеп кетип жолдон өтүүгө тоскоолдуктар жаралды. Бул туурасында күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, Чоң-Жаргылчак айылындагы көпүрөгө жете бергенде асфальттын астын суу жеп кеткендиктен чөгүп кеткен. 

Провал асфальта на трассе Балыкчы — Барскоон — Каракол

"Оор жүк ташыган унаа өткөндөн кийин асфальт чөгүп кеткенин айтышты. Азыр жеңил унаалар аңдын четинен жүргүнчүлөрүн түшүрүп анан өтүп жатат. Жүк ташыган унаалар азыр өтпөй турат. Туристтик сезон башталганда жолдун кооптуу абалга келиши бизди тынчсыздандырууда", — деди күбө. 

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги бул боюнча маалымат түшпөгөнүн билдирди. 

Ал эми Жети-Өгүз районунун аким орун басары Улан Далиевдин айтымында, асфальт нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин чөгүп кеткен.

"Көпүрө өзү деле урайын деп калган. Совет доорунан бери турат. Учурда жолду оңдоп жатышат. Түн оогончо жолду жасап бүтүп калышат. Жеңил автоунаалар көпүрө менен өтүп жатат. Жүк ташуучу автоунаалар жол жасалып бүткөнчө күтүп турат", — деди ал.

Далиев асфльттын чөгүп кетишинен эч ким жабыркабаганын кошумчалады.