Кыргызстан “Коопсуз шаар” боюнча Грузиянын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн

Өкмөт башчы Грузиянын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна барды
Sputnik

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-июлда, Тбилиси шаарында “Ачык өкмөт” өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында “Коопсуз шаар” долбоорунун иши менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Анда өкмөт башчы Грузиянын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна барганы айтылат. 

1 / 5
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 17-июлда, Тбилиси шаарында “Ачык өкмөт” өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында “Акылдуу шаар” долбоорунун иши менен таанышты.
2 / 5
Анда өкмөт башчы Грузиянын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна барганы айтылат.
3 / 5
Ал билдиргендей, Биргелешкен операциялар борбору тарабынан учурдагы мезгил режиминде өлкөнүн жолдорундагы жана көчөлөрүндөгү кырдаал көзөмөлдөнөт, ИИМдин бардык базаларынан маалыматтарды топтоо жүргүзүлүп, түшкөн материалдарга мониторинг жана анализ жасалат.
4 / 5
Ошондой эле бул Борбор масштабдуу иш-чаралар учурунда полиция бөлүктөрүн бирдиктүү башкаруу менен алектенет.
5 / 5
Өз кезегинде Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу жана кылмыштардын бетин ачуу ыкчамдыгын жогорулатуу учурда актуалдуу маселе экенине басым койду.

“Коопсуз шаар” долбоору окуяларга ыкчам жооп кайтаруу, административдик бузууларды аныктоо жана жоюу, ошондой эле транспорттордун агымын башкаруу үчүн киргизилген. Долбоордун алкагында видеоаналитикалык программалар менен жабдылган “акылдуу камералар” орнотулган, алар ИИМдин бирдиктүү тутумуна кошулган”, — деп маалымдаган Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария. 

Ал билдиргендей, Биргелешкен операциялар борбору тарабынан учурдагы мезгил режиминде өлкөнүн жолдорундагы жана көчөлөрүндөгү кырдаал көзөмөлдөнөт, ИИМдин бардык базаларынан маалыматтарды топтоо жүргүзүлүп, түшкөн материалдарга мониторинг жана анализ жасалат. Ошондой эле бул Борбор масштабдуу иш-чаралар учурунда полиция бөлүктөрүн бирдиктүү башкаруу менен алектенет.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга эки эл аралык компания кызыкдар
“Өкмөт башчы бул долбоорду кылмыштуулукту жана жолдордо кырсыктарды кыскартуу боюнча таасирдүү механизм деп атады. Ал атамекендик адистер тарабынан “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча грузин тажрыйбасы дыкат изилдене турганын белгиледи”, — деп жазылат маалыматта. 

Өз кезегинде Абылгазиев жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу жана кылмыштардын бетин ачуу ыкчамдыгын жогорулатуу учурда актуалдуу маселе экенине басым койду.