Ысык-Көлгө 21 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө 21 жаштагы бала чөгүп кеткенин ӨКМден кабарлашты.

Окуя шейшемби күнү Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде болгон.

Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, саат 17.45де маркумдун сөөгүн туугандарына өткөрүп берген.