Америкалык сүрөтчү Путиндин портретин 400 миң еврого сатты

Атын атагысы келбеген бизнесмен портретти Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусунун алдында сатып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Америкалык сүрөтчү Дэвид Датуна "Баарын көрүп турган В." деп аталган Россиянын президентинин портретин россиялык бизнесмен 400 миң еврого баалады. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Атын атагысы келбеген бизнесмен портретти Хельсинки шаарындагы Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусунун алдында сатып алган.

"Петербургдагы эл аралык экономикалык форумунда мага Владимир Путинди кандай элестете турганымды картинага түшүрүүгө буюртма алгам. Бул сапар аны баарын көрүп турган адам катары баамдадым. Анын бар экени бардык жерде сезилип турат. Ал сезимди мен да туюп, өз эмгегим менен көрсөтүүгө аракет кылдым", — деп сүрөтчү билдирген.

Трамптын жылаңач эстелиги аукциондо 28 миң долларга сатылды
Ал ошондой эле портрет Путин менен Трамптын жолугушуусуна арналганын кошумчалап, эки лидердин пикир алышуусу дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошорун белгилеген.

Грузин тектүү америкалык Дэвид Датуна дүйнөдө эмгеги эң көп сатылган сүрөтчүлөрдүн катарында турат. Ал буга чейин "Путин — Мона Лиза", "Стив Джобс", "Водянова — миллиондордун арзуусу" деген портреттерди тарткан.