Рысбек Орозалиев — өз каалоосу менен баланы табууга аракет кылып сууга түшкөндөрдүн бири. Ал жоголгон бөбөктүн таанышы, тууганы да эмес. Жаш жигиттин мындай кадамга барышына эмне себеп болду жана окуя болгон жерге кандайча келип калган? Sputnik Кыргызстан агенттиги ыктыярчыны кепке тартты.
— Кандайча бул окуянын катышуучусу болуп калдыңыз?
— Кечээ дос балам чалып "жардам керек болуп жатат" деп калды. Эмне жардам экенин билбей эле макул деп койгом. Оюмда чарба иштерине көмөк көрсөтөм го дегем. Барсам эле эл толтура. Дос балам кырдаалды ошол жерден түшүндүрүп, кичинекей бала сууга агып кетип табылбай жатканын айтты. Сууда болсо жалгыз эле бир байке жүрүптүр. Калганы карап турат. Бир убакта ал "жардамга дагы бир бала керек, кимиңер түшө аласыңар" деди. Эки жагымды карасам үн каткан бирөө жок. Кичине баланы укканда жүрөгүм тыз дей түштү да "мен" деп чечине баштадым. Суудагы Бакыт деген байке буга чейин күч түзүмүндө иштеген экен. "Суу муздак, ден соолугуңа залакасы тийип калышы ыктымал, коркпойсуңбу, сүзгөндү билесиңби?" деп сурады. Көлдүк болгондуктан сүзгөндү жакшы эле билем деп өзүмө ишендим. Ары жакта чогулгандар жип таап келип байлашты. Суу чындыгында аябай муздак экен. Анын үстүнө көлгө түшө элегиме да көп болгон. Бакыт байке көпүрөнүн оң жагынан мен сол жагынан кирип карай баштадык. Балдар жипти тартып кармаган сайын ал кысып жүдөттү. Ага карабай 15-20 мүнөт эс алып, жарым сааттан төрт-беш жолу кирдик. Бирок тилекке каршы баланы таба алган жокпуз. ӨКМ болсо журналисттер келип тарта баштагандан 40 мүнөт өткөндөн кийин келди.
— Буга чейин ӨКМдин куткаруучулары келип издеп таппай кетиптир. Анын үстүнө алардын атайын жабдуулары да бар болчу. Баланы кайра эле ошол жерден издөөнүн кажети бар беле?
— Үмүт деген үзүлбөйт да. Баланын ата-энеси менен жолуксак маанайлары жок, шалдырап эле калышыптыр. Аларды көрүп ого бетер жүрөгүм ооруду. Айрыкча кичине бала чөгүп кетиптир дегенде көз алдыма өзүмдүн эки жаштагы иним келди.
— Эмнеге?
— Мен анда 8-класс болчумун. Апамдын сиңдисинин эки жаштагы баласы да сууга агып кетип, каза болгон. Анда үйдө той болуп чоңдор шаан-шөкөт менен алектенип бала каралбай калыптыр. Суунун боюна ойнойм деп барган окшойт, агып кеткен. Бирок анын сөөгү табылган. Ошондогу эжемдин, туугандардын кайгы-муңу эстен кетпейт. Ата-эненин үмүтү үзүлбөйт да. Тапсак, таппасак да аракет кылып көрөлү деп чечтик.
— Эч кандай жабдуусу жок агымы күчтүү сууга кириптирсиз. Корккон жоксузбу?
— Бакыт байке суу муздак деп алдын ала айткан. Бирок кичине кезибизде Ысык-Көлдөгү тоонун чокусундагы "Сырт" деген жайлоонун муздак сайына деле түшчүбүз. Балким ошондо бышып калгандырмын. Анын үстүнө өзүм көлдүк болсом чабак уруп, сүзгөн жагынан камчы деле салдырбайм. Суудан чыкканда оозу-башым көгөрүп, чындап эле үшүдүм. Бирок эл деген эл да денебизге арак шыбап, жылуу кийимдерди беришти.
— Бакыт байке кайдан угуптур?
— Анын аялы буга чейин жаңылыктардан окуп, анан күйөөсүнө "бала табылбай жатат" деп айтса керек. Элди ошол киши чогултуптур. Мурда күч түзүмүндө иштегендиктен журналисттерге сүйлөбөйм деп койду.
— Сиздин оюңуз боюнча баланы табууга мүмкүнбү?
— Билбейм, айта албайм. 65 килограмм салмактагы мени, 85 килограмм салмактагы Бакыт байкени агызып кетип жаткан суу кичине баланы жөн эле алып кетти болуш керек. Куткаруучулар Сокулукка чейин барышыптыр. Бирок ал жактан азыр табуу мүмкүн эмес го, Кара-Балтадан суу жайылат эмеспи ошол жерден да карап көрүш керек.
— Өзүңүз тууралуу айта кетесеңиз?
— Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылынан болом. Башында эки бир тууган болчубуз, азыр төртөөбүз.
— Кандайча?
— Ата-энем мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Атам ошол эле айылдан болгону менен тааныбайбыз, көрүшүп, катышпайбыз деле. Андан кийин апам Кудай буюруп экинчи жолу турмушка чыгып бир кыз, бир балалуу болгон.
— Экинчи атаңар менен мамилеңер жакшы элеби?
— Ооба, ал кишини абдан сыйлайбыз. Анын бизге болгон мамилеси да жакшы. Шаардан айылга барган сайын "балдарыбыз сууктап калыптыр" деп коюн союп, өз баласындай мамиле кылат. Эми бизди качан келиндүү кыласың деп отурат. Баса, байкем экөөбүз таекелердин колунда чоңойгонбуз. Ал жакты байке деп бир туугандай көрөбүз.
— Кайда иштейсиз?
— Азыр бош элемин. Негизи дизайнер-модельердин окуусун бүткөм. Бычып, тигип айтор кийим дизайнеримин. Апам дагы тикмечи, байкем болсо кийим тигүү цехин иштетип убагында орус ырчысы Тиматинин Blak Star деген кийим чыгарган фирмасында иштеген. Анын арты менен мен дагы аз убакыт ал жакта кызмат кылдым.
— Азыр бошмун деп калдыңыз, өнөрдү таштадыңызбы?
— Көңүлүм калганбы, айтор, тажап кеттим. Бизде дизайнерлер өтө деле бааланбайт, жумушу да майда. Өнөрдү өзүмө керек учурда гана колдоном. Мисалы, базардан же дүкөндөн кийим алганда дизайны жакпай калса каалагандай өзгөртүп алам. Кээде "лекало чийип бер" деп буйрутмалар түшүп калат. Ошол учурларда эле иштейм. Учурда дүйнө кезип саякаттоону кыялданып жүрөм. Спорт менен дагы машыгам. Нурзат деген спецназ таекем бар. Ал киши эч кимден жардамын аячу эмес. Негизи эле туугандар, таекелер бизди "эч кимден жардамыңарды аябагыла" деп тарбиялаган.