Россияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат элдин эсинде көп убакытка чейин сакталат. Бул тууралуу Асылбек Бактыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, финалдык беттеште алты голдун кирүүсү футбол сүйүүчүлөрдүн кызуугусун дагы да арттырды.
"Албетте, буга чейин да бир катар спорт оюндарын баяндап келгем. Бирок бул ирет дүйнөлүк чемпионатка коментатордук кылуу өтө чоң жоопкерчилик болду. Көрөрмандардын эсинде футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат узакка сакталат. Анткени, мыкты командалардын оюндан чыгып кетиши, финалдык беттеште алты голдун кириши көпчүлүгүбүз үчүн күтүүсүз болду", — деди Бактыбеков.
Ал спорт журналистикасы өнүгүү жолунда экенин кошумчалады.