Бишкектин бир катар аймактарында 18-июлда суу болбойт. Тизме

Таза суу эртең мененки саат 9:00дөн 17:00гө чейин токтойт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 18-июлда саат 9:00дөн 17:00гө чейин курулуш-монтаж иштеринен улам айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкексууканал" ишканасы билдирди.

Таза сууга жетпеген бишкектиктер кимге кайрылса болот? Номерлер
Ага ылайык, белгиленген саатта Койбагаров, Каралаев, Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүндө, 4-кичи райондо, 5-кичи райондогу № 72, 70, 71, 79, 80, 81, 56 а, 68, 69, 72/1, 73, 82, 82, 59, 61, 1/1, 2/,1 3/1, 1, 8, 4/1, 4/2, 7, 16/1, 12, 16 үйлөрдө, № 17 жана 26чы мектеп-гимназияда, № 133, 134 бала бакчаларда суу болбойт.

"Бишкексууканал" ишканасы шаардыктарды суу камдап алууга чакырат.