БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 14 жылдан бери дайынсыз жүргөн кыргызстандык Хусан Шарипов Россиянын Самара облусунан табылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
2017-жылы ага окшош киши Самарадагы айылдардын биринде жүргөнү боюнча маалымат түшүп, туугандары активдүү издей баштаган.
"Бул маалыматтан кийин туугандары түрдүү станцияларга кайрылышты. Шариповду көрдүм деген киши ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерине аны телефондон сүрөттөп берген", — деп айтылат маалыматта.
Издөө учурунда 100дөн ашык киши суралып, маалыматтар алынган. Милиция кызматкерлери акырында кыргызстандык жаран Самара облусунун Покровка айылында жүргөнүн аныктаган.
Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аны менен баарлашканда Самвэл аттуу жергиликтүү тургунда иштегенин, ал убагында 2000 доллар берем деп кийин сөзүнө турбай койгонун айтып берген.
"Башка ишке орношуп, тапкан акчасына инисин Кыргызстанга жөнөткөн экен. Андан соң бир нече жерде иштеген. Кээде айлыгын ала албай калган учурлар болгон. Мекенине акчасы жок кайтууну каалаган эмес. "Туугандарым мени издебейт" деп таарынып да жүргөн", — деп айтылат маалыматта.