Көргөндөр барбы? Сокулукта 10 жашар кызды зордуктаган кишинин фотороботу

10 жашар кыз 10-июль күнү Сокулук айылында зордукталган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Укук коргоочулар Сокулук айылында 10 жашар кызды зордуктады делген жарандын фотороботун түздү. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 10-июль күнү Сокулук айылындагы базарда 10 жашар кыз зордукталган. Анын кийими жарым-жартылай чечилип ыйлап отурганын жолдо өтүп бараткан аял көрүп калган. 

Фоторобот мужчины, изнасиловавшего 10-летнюю девочку в Сокулуке

Кийин Чүй ОИИБинин кызматкерлери базардагы көзөмөл камераларынан алынган маалыматтар жана жабырлануучунун өзүнүн айтымы боюнча шектүүнүн фотороботун түзүштү.

Өзгөчө белгилери:

Азиат тегиндеги жашы 30-40тын ортосундагы эркек киши. Арык чырай, кара-тору, бою болжол менен 165-170 сантиметр. Чачы кара, кээ бир үстүңкү тиштери жок. Үстүндө кызыл футболка, кара спорттук шым, бутунда кочкул жашыл сланцы.