Журналисттер жолугушууда Трамптын Путинге көз кысканын тартып алган. Видео

16-июлда Россия менен АКШнын президенттери Хельсинки шаарында жолугуп, ал жалпысынан төрт саатка созулган
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин менен жолугушуунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп ага көз кысканы видеого түшүп калган. Бул туурасында британиялык Sky News телеканалынан журналисти Марк Стоун жазып чыкты. 

"Сүйлөшүүнүн кызык эле түрү… Дональд Трамп чындыгында эле Путинген көз кысты", — деп жазган ал Twitter баракчасына. Ал видеону да тиркеп койгон.

​Эске салсак, бүгүн, 16-июлда Россия менен АКШнын президенттери Хельсинки шаарында жолугуп, ал жалпысынан төрт саатка созулган. 

Россиянын АКШга компроматы барбы. Путиндин жообу
Жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү, өзөктүк куралдар, анын ичинен Түндүк Кореяга байланышкан маселе, ракеталарды жоюу, Иран темасы козголгон.

Путин сүйлөшүүлөр ачык жана иштиктүү маанайда өтүп, ийгиликтүү жана пайдалуу болгондугун айтты.

Ал эми Трамп бул жолугушуунун "ачык, майнаптуу жана түз" болгондугун кошумчалады