Операцияга 32 миң доллар керек деген эне коомчулукка кайрылып, кызынын өмүрүн сактап калууга жардам берүүнү өтүнүүдө. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, Назбийкенин дарты тууралуу кеп кылды.
— Кызыңыздын дартын кантип билип калдыңыз, көптөн бери ооруп жүрөбү?
Ошол учурда бир эже баласынын бөйрөгүн алмаштырганга Түркияга кетип жатыптыр "түрк дарыгерлерине көрсөтүп көрүңүзчү" деп анализдердин кагазын жөнөтүп жибергем. Түрк дарыгерлери "бул кыздын боорунан" деп айтыптыр. Кыргызстандын ак халатчандарына айтсам ишенбей жүрүп акыры боорго генетикалык анализ тапшыргыла деп Москвага жөнөттү. Элден эптеп акча сураштырып барып анализ берип келсек, "ата-энеси да тапшырыш керек" деген кат келиптир. Күйөөм экөөбүз карыздап акча таап кайра барып келдик. Көрсө, бул боордун тукум кууган оорусу экен, күйөөм жактан кан аркылуу келиптир. Боордо бир элемент жетпейт деген дарыгерлер аны алмаштырууну айтышты.
— Бөйрөгүчү?
— Башында экөөнү тең трансплантация кылыш керек деп жатышкан. Андан соң түрк дарыгерлер келип текшерип, бөйрөктүн функциясы жакшырып калганын айтышты. Эки жылдан бери буюрса жакшы, баягыдай жыгылбай калды. Бирок тезирээк боорду алмаштырбасак, бөйрөккө кайра күч келип, экөөнө тең донор издеш керек болуп калат.
— Боорун алмаштырганга ким донор болгону жатат?
— Операцияны кайдан, канча сомго жасатканы жатасыздар?
— Түркияда 60 миң долларга чейин жасалат экен. Учурда Индиядагы бир клиника менен 32 миң долларга сүйлөштүк.
— Каражаттын канчасы чогулуп калды?
— Бул оңой эмес акча экен. Мен кызым менен ооруканалап жүрүп үйдө элемин, күйөөм болсо такси айдап иштейт. Ал акча батирге, күнүмдүк тамак-ашка кетет. Каражат издеп Ак үйгө чейин кирип чыктым. Кызымдын сүрөтү менен кайрылуу баракчаларды эл көп жүргөн жердин баарына таратып атам. Күзгө чейин акчабыз чогулуп калса жакшы болот эле. Бөйрөгү жакшы иштеп жатканда боорун алмаштырып алсак деп кызымдын амандыгын Кудайдан тилеп отурам.
— Батирде жашайсыңарбы?
— Өзүбүз Ысык-Көлдүн Тамчы айылында турчубуз. Кызым минтип катуу ооругандыктан дарыгерлерге жакын бололу деп шаарга келгенбиз. Батирде жашайбыз.
(Ортодо Назбийке менен да сүйлөшүп калдык)
— Окууларың кандай?
— Жакшы, быйыл 9-классты аяктадым. Мугалимдер абалымды түшүнүп мамлекеттик экзаменден бошотушту.
— Төрт жашыңан бери ооруканалап жүрүп тажасаң керек…
— Оорукана менин экинчи үйүм болуп калды окшойт. Үч ай сайын жатып текшерилип турам. Ал жактан тапкан досторум да көп.
— Келечекке кандай ой-кыялдарың бар?
— Келечекте дизайнер болгум келет. Азыр эскиздерди тартып, дүйнөлүк дизайнерлердин коллецияларын көрүп үйрөнүп жатам. Алдыга койгон пландарым көп.
(Апасы кызынын кыялдары менен бөлүшүп жатканын угуп жашыды)
— Көңүлүн оорутуп, ыйлабаганга аракет кылам, анан ушинтип кармана албай кетип жатпаймынбы.