Россиянын АКШга компроматы барбы. Путиндин жообу

Ага чейин Трамп "орустарда менде компромат болсо алып чыгат эле го" деген нерсени айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трампка Россиянын компораты бар деген болбогон кеп экенин, арзыбаган нерселерди мээден алып салыш керек деген жообун берди. Бул Путин менен Трамптын Хельсинкидеги болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында айтылды. 

Ага чейин Трамп “орустарда менде компромат болсо алып чыгат эле го” деген нерсени айткан.

Эске салсак, бүгүн Россия менен АКШнын президенттери Хельсинки шаарында жолуккан. Алгач, тет-а-тет маек 1,5 саат, ал эми кеңири форматтагы жалпы сүйлөшүү 1саат 45 мүнөт, ал эми тар чөйрөдөгү жолугушуу 2 саат 10 мүнөт болду. Жалпысынан ал төрт саатка созулган. 

Трамп Путинге: АКШ менен Россиянын жылуу мамилесине бүт дүйнө кызыкдар
Жолугушууда терроризмге каршы күрөшүү, өзөктүк куралдар, анын ичинен Түндүк Кореяга байланышкан маселе, ракеталарды жоюу, Иран темасы козголгон

Булардын жыйынтыгы менен маалымат жыйыны өттү. Анда эки мамлекеттин башчылары журналисттердин бир топ суроолоруна да жооп беришти. 

Путин сүйлөшүүлөр ачык жана иштиктүү маанайда өтүп, ийгиликтүү жана пайдалуу болгондугун айтты.

Ал эми Трамп бул жолугушуунун "ачык, майнаптуу жана түз" болгондугун кошумчалады.