БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин, Франция башчысы Эммануэль Макрон жана Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович дүйнөлүк чемпионаттан соң Франция, Хорватиянын футбол командаларынын кийинип-чечинген жайына киришти.
Goal басылмасы Twitter баракчасына футболчулардын үч өлкөнүн башчылары менен жолуккан видеосун жүктөдү.
Франция курама командасы ыр ырдап, футболчулардын, президенттердин ысымын айтып кыйкырып, бийлешкен. Жеңиштин урматына бардыгы шампан ооз тийген. Ал эми коңшу бөлмөдөгү хорваттар чөгүңкү маанайда. Алар президентинин колдоо сөзүн угуп, Россия башчысы Путин менен эстеликке сүрөткө түшкөн.
Футбол боюнча дүйнө биринчилиги жекшемби күнү, 15-июлда аяктады. Финалдык бөлүктө Франция 4:2 эсебинде Хорватияны жеңип, чемпион аталды.