Манас проспектисинин бир бөлүгү жабылып, каттамдар өзгөрдү

Бишкек мэрия калаа тургундарынан түзүлгөн ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Шаардык транспорт башкармалыгынын берген маалыматына караганда, Манас проспектисинин Токтогулдан Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө ремонт иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу коомдук транспорттун каттамдары төмөнкүчө өзгөрдү:

Атыр себинбей эле койгулачы! Маршруткадагылар кыжырды кайнатканда
№ 102, 104, 118, 132, 148, 167,170, 188, 200, 203, 204, 216, 223, 236, 262, 265, 266, 269 маршруткалар түндүктү көздөй Турусбеков, Бөкөнбаев жана Манас проспектиси менен жүрүп, андан ары өзүнүн схемасы менен жолун улантат.

Ал эми № 215, 264 маршруткалар Үмөталиев, Бөкөнбаев, Манас проспектиси менен түндүктү көздөй жүрөт. Ал эми кайра кайтканда, Бөкөнбаев, Исанов, Киев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары өз багытын улантат.

Бишкек мэрия калаа тургундарынан түзүлгөн ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.