Жаанчыл жерде жашаган адам "Асан кайгы" болуп калабы? Окумуштуулардын иликтөөсү

Окумуштуулар бул илдетти изилдеп жатып, аба ырайынын шарттарына дагы көңүл бурушкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Күн нурунун жетишсиздиги адамды cтресске, тагыраагы, негизгиз эле бир нерседен коркуп, санааркай берген абалга алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Eurekalert басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окумуштуулар апельсиндин көздүн чел кабыгына тийгизген оң таасирин айтышты
Бингемтон университетинин (АКШ) окумуштуулары бул илдетти изилдеп жатып, аба ырайынын шарттарына да көңүл бурушкан. Жыйынтыгында АКШнын күндүн көзү көп көрүнө бербеген жаанчыл жерлеринде жана түндүк аймактарында "Асан кайгы" оорусуна чалдыккандар көп экени белгилүү болгон.

Муну окумуштуулар жаан-чачын көп болгондуктан, күн нурунун жетишсиздиги адамдын уйкусун бузуп,  ошонун кесепетинен келип чыккан көрүнүш деп эсептешет.