Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз. Мындай пикирин Наргиза Ормонбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк келиндер төрөткө олуттуу даярдык көрбөйт.
"Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын 70 пайызынын каны аз. Бул албетте, кооптуу көрүнүш. Анткени эненин ден соолугу канчалык чың болсо ошончолук кубаттуу бала төрөлөт. Эне болорун билген ар бир аял тамактануусуна кылдат көңүл буруп, пайдалуу тамак-аштарды жеп турушу керек", — деди акушер.
Ал ошондой эле учакта төрөгөн кооптуу эмес экенин кошумчалады.