Радио

Мукамбетов: көчмөндөр оюндарында ачылыш, жабылыш аземинен башкасы бекер

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары эл арлык этномаданий фестивалынын музыкалык жетекчиси Эрмек Мукамбетов аталган фестивалга Кыргызстан боюнча ичинде тандоо аяктап калганын айтты.
Sputnik
Мукамбетов: көчмөндөр оюндарында ачылыш, жабылыш аземинен башкасы бекер

Көчмөндөр оюндарында ачылыш, жабылыш аземинен башкасы бекер. Анын ичинде этнофестиваль дагы бар. Бул тууралуу Эрмек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык фестивалдын алкагында этнобий, этномода, этномузыка бөлүмдөрү бар.

"Эл аралык "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалы 4-сентябрдан 7-сентябрга чейин "Дордой NOMAD" амфитеатрында, күн сайын кечки 20:00 дан 23:00кө чейин өтөт. Анын программасында этнохит, этнобий, этномода жана айтуучулук, тагыраагы биздин "Манас" эпосубуздай болгон башка көчмөн элдеринин да эпостору бар. Албетте, алар көлөмү жагынан кичинекей. Мындан сырткары көчмөндөр оюну чагылдырып жаткан IX-X-XI кылымдардагы бий, музыка, кийген кийимдерин камтыган көргөзмөлөр өтүп турат. Фестиваль акысыз көрсөтүлөт, негизи эле ачылыш, жабылыш аземинен башкасы бүт бекер", — деди Мукамбетов.

Ал фестивалга катышуучу башка мамлекеттерге чакыруулар жөнөтүлүп, учурда жообун күтүп жатышканын кошумчалады.