Көз жаш, ыза, толкундануу, го-ол! FIFA уюмунун бир айды 4 мүнөткө батырган видеосу

Франциянын курама командасы дүйнө чемпиону аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) Youtube-каналына Дүйнө чемпионатындагы бүйүр кызыткан учурлардын видеосу жарыяланды.

Макгрегор Путин менен сүрөткө түшүп, пикирин билдирди
Тасманы төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот.

Видеодо оюндун башталышы, футболчулар менен күйөрмандардын эмоциясы жана кооз голдор көрсөтүлгөн.

Дүйнө биринчилиги жекшемби, 15-июль күнү аяктады. Финалдык бөлүктө Франциянын командасы 4:2 эсебинде Хорватияны жеңип, чемпион аталды. Эки команда Москвадагы "Лужники" стадионунда кез келген.

Дүйнө кубогу үчүн жалпысынан 32 команда ат салышкан.