Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Маалыматка караганда, аптанын биринчи жарымында Кыргызстандын айрым жерлеринде жамгыр басымдуулук кылып, экинчи жарымында өлкөдө күн ачык болот.

Эмне үчүн аба ырайы +60 градус болот деп айтылган? Кыргызгидрометтин түшүндүрмөсү
16-18-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпүчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы өлкөнүн түштүгүндө +37 градуска чейин жетсе, Чүйдө  31…36, Көлдө 22…27 градус ысык болот.

19-20-июль күндөрү жамгыр күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күн 37 градуска чейин ысыйт.  Таласта термометр  +26…+31, Ысык-Көлдө +20-+25, Чүйдө +29-+34 градусту көрсөтөт.

21-22-июлда жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы бир аз жогорулайт.