Ар бир кош бойлуулук пландалышы шарт, бул баланын саламаттыгында эң чоң ролду ойнойт. Бул тууралуу Медер Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, төрөттүн аралыгы эң аз дегенде 2-3 жыл болууга тийиш.
"Үй-бүлөнү пландоо – абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Жаш жубайлар үйлөнгөндө кош бойлуулукка даярдануу убагында дарыгерге барып, илдети болсо дарылап, олуттуу мамиле жасашы керек. Врачтардын көзөмөлүндө болуп, туура тамактанып, эрежелерди сактоого тийиш. Үй-бүлөнү пландаштырууда төрөттүн аралыгын эске алуу шарт. Аралык кеминде 2-3 жыл болушу зарыл. Кээ бир келиндер бир жылда 2 жолу төрөп, балдарынын аралыгы 2-3 ай болуп калат. Мындай учурда организм калыбына келбей, экинчи баласына көңүл да бура албайт. Ар бир баланын ата-эен пландап жарыкка алып келиши керек", — деди Өмүрзаков.
Ал кичинекей бала ата-энесинин көңүл буруусуна, мээрим төгүүсүнө абдан муктаж болорун кошумчалады.