Радио

Сакыев: мөңгүлөр эрип, көлдөрдөн суунун ашып кетүү кооптуулугу бар

ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Даурбек Сакыев бийик тоодо жайгашкан 338 көлдөн суу ашып кетүү божомолу бар экенин айтты.
Sputnik
Сакыев: мөңгүлөр эрип, көлдөрдөн суунун ашып кетүү кооптуулугу бар

Температуранын кескин жогорулашынан улам, мөңгүлөр ээрип, бийик тоодогу көлдөр жырылып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы мөңгүлөр жылдагыдай эле эрип жатат.

"Температуранын кескин жогорулашы мөңгүлөрдүн эришине, бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Анын кесепетинен селдин жүрүшү да күтүлөт. Кыргызстанда жалпы 2000ден ашык көл  болсо, анын 338и бүгүнкү күндө жырылып кетүү коркунучунда турат", — деди Сакыев.

Ал жыл сайын изилдөөлөр жүргүзүлүп, коркунучтуу параметрлер аныкталып турарын кошумчалады.