Кыргызстандык житсучу америкалык балбандын колун кайрып салды. Видео

Кыргыз балбаны Зулкайнар Шайбек уулу Калифорниянын ачык чемпионатында 76 килограммдык салмакта кимоночон жана кимоносу жок кармаш өткөргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек Уулу жиу-житсу боюнча Калифорниянын ачык чемпионатынан байгелүү орундарга ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү билдирди.

Открытый чемпионат по джиу-джитсу в Калифорнии

Калифорниянын ачык чемпионаты 14-июль күнү Сан-Францисконун Окленд шаарында өткөн.

Анда өлкө атынан Зулкайнар Шайбек уулу катышып, 76 килограмм салмакта кимоночон жана кимоносу жок кармаш өткөрүп, экөөндө тең коло байгеге ээ болгон.

Открытый чемпионат по джиу-джитсу в Калифорнии

Шайбек уулу атаандаштарынын бардыгы америкалыктар болгондугун айтат. Кимоночон кармаштын чечүүчү бөлүгүндө атаандашынын бутун тартып утса, кимоносуз кармаштын негизги бөлүгүндө колду кайруу ыкмасы менен жеңишке жеткен.

26 жаштагы Зулкайнар Шайбек уулу аралаш мушташтын вале-тудо версиясы боюнча КРдин чемпиону, жиу-житсу боюнча турнирлердин байге ээси.