Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Аптанын алгачкы күнүндө өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпүчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүшү күтүлүүдө.

Абанын температурасы өлкөнүн түштүгүндө +37 градуска жетсе, Чүйдө  31…36, Таласка 28…33, Нарын менен Көлдө 22…27 градуска ысык болот.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына  4-9 метрге жетет.