Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундасына жетиши күтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жекшемби күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтсө, өрөөндөрүндө күн ачык болот. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Эмне үчүн аба ырайы +60 градус болот деп айтылган? Кыргызгидрометтин түшүндүрмөсү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундасына жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20 градус жылуу болсо, күндүз 30…35 градуска чейин ысыйт. Таласта күндүн табы түнкүсүн 13…18 градус жылып, күндүз 30…35 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда тоо этектеп өткүн өтөт. Абанын теспературасы түнкүсүн 9…14, күндүзү 21-28 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 18…23 жылуу болсо, күндүз күндүн табы нөлдөн жогору 31…36 градусту көрсөтөт.

Ал эми ордолуу Ошто жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы 32…36 градус ысык болору болжолдонууда.