Афганистан: колго түшүргөн үч аял террорчуну талибдер кордоп өлтүрүштү

Маркумдар Өзбекстан менен Чеченстандан чыкканы айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Афганистанда "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери "Ислам мамлекети" уюмунан колго түшүргөн үч аял террорчуну зордуктап туруп, андан кийин өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу Khaama Press агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маликов: сүннөттөр менен шииттердин пикир келишпестиги Кыргызстанга өтө баштады
Өлкөнүн улуттук армиясынын маалыматы боюнча аялдар өлүм жазасына Джауздан провинциясында тартылган. Маркумдар Өзбекстан менен Чеченстандан экени айтылууда.

Аталган провинция эки уюмдун талашына түшкөн. "Ислам мамлекети" согушкерлери менен талибдердин ортосундагы акыркы кагылышууда эки тараптан 15 адам каза таап, 40тан ашууну жарадар болгон.

Ушу тапта өкмөттүк армия менен элет жеринин басымдуу бөлүгүн ээлеп алган "Талибан" кыймылынын ортосунда согуш жүрүүдө. Мындан тышкары, өлкө аймагында "Ислам мамлекети" уюмунун да таасири күчөп жатат. Афганистандын коргоо жана коопсуздук күчтөрү биргеликте террорчулукка каршы күрөшүүдө.