Каримова Самара Эрмековна — өмүр баяны

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн.
Sputnik

Үй-бүлөсү:

Атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, бир нече тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова КРдин ардактуу медицина кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Алты эжеси жана иниси бар.

Жеке жашоосу:

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси. Жолдошу Аман Мансуров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Түштүк аймагы боюнча маданий борборунун жетекчиси болуп иштеген. Аталган борбор жоюлган.

Билими:

1998-2009 — Өзгөрүш айылындагы Наргозу Батыров атындагы мектептен билим алган.

2014 — Кыргыз-түрк "Манас" университетинин актерлук бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

2010-жылдан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын актрисасы, жеке ырчы.

2016-жылдан бери "Самара" театралдык тобунун жетекчиси.

Акыркы жылдары актриса катары күчүн сынап келет. "Илегилек" спектаклинде башкы ролду ойноп, "Акшоола" телесериалына тартылган.

Жетишкендиктери:

2014 — Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байге ээси. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.

2017 — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.