Милиция жетекчилерине ага-тууганына жардам берүүгө бөгөт коюлду

Коопсуздук кеңешинин катчысы эгер мындан ары да арыз түшө турган болсо аймактык бөлүмдөр менен ИИМдин кемчилиги катары баалана турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жакында милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштыруу жүрө турганын Ички иштер министрлигинин коллегиясында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал ИИМ системасындагы жетекчилерге жергиликтүү эл менен байма-бай жолугуп, көйгөйлөрдү жеринде чечүүнү тапшырды.

"Президент мындан ары да арыздар түшө берсе ИИМдин ишиндеги кемчилик катары баалана турганын так айтты", — деди Сагынбаев.

Ички иштер системасында иштеген 92 жетекчи жазага тартылды
Коопсуздук кеңешинин катчысы көпчүлүк учурда аймактык бөлүм жетекчилери туугандык байланыштан улам объективдүү чечимдерди кабыл ала албай жатканын белгиледи.

"Мындан улам жакын арада ротация жүрөт. Маселен жетекчилер Баткенден Нарынга, Нарындан Ош облусуна барат. Бул кадам кадрлардын кесипкөйлүгүн арттырууга жардам берип, мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатат", — деди ал.

Эскерте кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков ротацияны прокуратура, милиция органдарынан, улуттук коопсуздук жана Финполдон баштоо керектигин айткан.