Радио

Сагынбаева: күндөн коргоочу бет майларды туура колдонуу керек

Дерматокосметолог Айнура Сагынбаева күндөн коргоочу кремдерди күн сайын колдонуу зарыл эмес деп ойлогондор жаңылаарын айтты.
Sputnik
Сагынбаева: күндөн коргоочу бет майларды туура колдонуу керек

Күндөн коргоочу бет майларды туура колдонуу керек. Эртең менен бир маал сүйкөп коюп, кечке чейин жүрө бергенге болбойт. Мындай пикирин Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк айымдар күндөн коргоочу кремдин үстүнөн упа жаап, теринин өңүн өзгөртүүчү бет май сүйкөп алышат.

"Эгер бет майдын коргоо касиети жогору болсо, ал ошончо узак убакытка бетти коргойт деген туура эмес. Ысык мезгилде бетти нымдашкан бет аарчы менен сүрүп туруп, кайра крем коюп туруу керек. Күнүнө 4-5 ирет коюлган бет май гана беттин терисин коргой алат. Аны тандоодо ак терилүү аялдар коргоо деңгээли жогору кремдерди алганы жакшы. Ошондой эле анын үстүнөн упа жапкан туура эмес. Анткени упа терини кургатат. Жайдын күнү ансыз деле жүзүбүзгө ным жетишпей, кургап турган болот. Андан көрө байма-бай терини нымдаштыруучу маскаларды коюу пайдалуу", — деди Сагынбаева.

Ал Кыргызстандын климатында күндөн коргоочу кремди колдонуу өтө зарыл экенин кошумчалады.