Неймардын сүрөтү чапталган таңгактардан бир тоннага жакын кокаин табылды

Окуя Гватемалада болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Гватемаланын жээгинен 350 чакырым алыстыкта суу алдында жүрүүчү чакан кеменин ичинен 0,8 тонна кокаин табылганын өлкөнүн прокуратурасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кайыктан бир килограммдан кокаин салынган 823 баштык табылган. Алардын дээрлик бардыгына "Барселона" командасынын формасын кийген бразилиялык футболчу Неймардын сүрөтү чапталган.

Суу алдындагы кеменин үч кишиден турган экипажы колго түшүрүлдү. Ал эми табылган баңгинин баасы көмүскө базарда 11,5 миллион доллар экени айтылууда.