Ички иштер системасында иштеген 92 жетекчи жазага тартылды

Коллегияда ИИМ системасындагы бир топ жетекчилер катуу сындалып, бир катар кемчиликтер айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин коллегиясынын жыйынтыгы менен ИИМдин айрым кызматтары менен бөлүмдөрүнүн 92 жетекчиси жазаланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Министр Кашкар Жунушалиевдин айтымында, милициянын ишинде бир катар кемчиликтер бар. Мисалы, көчөдөгү тартип бузууларга ыкчам чара көрүлбөйт, уурулук, талап-тоноочулук кылмыштарынын ачылышы жана кылмышкерлерди издөө иштери начар уюштурулган.

"Көпчүлүк бөлүмдүн жетекчилери өз бөлмөсүнөн чыкпайт. Жыйынтыгында оор кылмыш иштер ачылбай калуууда. Ошондой эле коррупцияны жок кылууга багытталган президент менен Коопсуздук кеңешинин тапшырмалары тиешелүү деңгээлде аткарылган жок. Бул жетекчилердин ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынын жыйынтыгы", — деди министр.

Милиционерлер менен кагышуудан каза болгон эне-бала. ИИМ окуяны иликтей баштады
Коллегияда Экстримизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы, Мызамсыз баңгизаттарды жүгүртүү кызматы, Коомдук тартип кызматынын жетекчилери жана Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, облустук жана шаардык ИИБдин башчыларынын кемчиликтери айтылып катуу сынга кабылды.

"ИИМдин коллегиясынын чечими менен ыкчам иштерди алып барган бөлүмдөрдүн 92 жетекчиси жазага тартылды. Алардын ичинен 15 адам элеген кызматынан бошотулуп, 77 жетекчи дисциплинардык жазага тартылып, экөө башка аймакка которулат", — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, айрым башчыларга эскертүү берилди. Алардын ишмердүүлүгү тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ИИМдин коллегиясында каралат.