БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ташкенттеги Бодомзор көчөсүнүн аты Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Апрель айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири масштабда белгилөөнү буюруп, шаардагы көчөлөрдүн бирине анын атын ыйгарууну тапшырган.
Андан сырткары жазуучунун бюсту Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепке коюлат.
Ал эми Кыргызстан менен Өзбекстандын кинорежиссерлору Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде тасма тартып жатышат.