БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Шаардык кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, мэр Албек Ибраимовдун отставкасы боюнча добуш берүүнү чечти.
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Рысбай Аматов мэрдин өзү жок болгондуктан, Бишкектин абалы тууралуу суроо бербей эле ага ишеним көрсөтпөө вотумуна байланыштуу суроого өтүүнү сунуштады. Аны дагы бир депутат Канатбек Музуралиев колдоду.
Жыйынтыгында анын сунушун бардыгы бир добуштан колдоду. Учурда добуш берүүнү уюштуруу үчүн 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.
Бишкек шаардык кеңештин беш фракциясынын депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, күн тартибине бир гана мэр Албек Ибраимовду кызматтан кетирүү маселеси коюлду.
Мэрди иштен кетирүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинин (45тин ичинен 30у) добушу керек. Учурда шаар башчы иш ордунда эмес, эмгек өргүүсүндө.