Оштогу аялдар бизнес-план жазганды үйрөнө баштады

Курстарга 40 аял катышып жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бейшембиден тарта Ош шаарында аялдар үчүн бизнести пландаштыруу боюнча курстар башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мурзахматова: практикант эмнени үйрөнгүсү келсе ошону талап кыла алат
Ош шаарындагы Аялдар конгресси жана Иш менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан бул иш-чаранын негизги максаты — аялдарды бизнес-план жазууга үйрөтүп, ишкерлик баштоого багыт берүү.

Курстарга 40 аял катышып жатат.

Мындан ары Ош шаарындагы аялдар үчүн тикмечилик өнөрү, дизайнерлик искусство, компьютердик сабаттуулук боюнча курстар өткөрүлмөкчү.