Кытайдан шабдалы деп аткезчилик жол менен канаттуунун эти келди

Жалпысынан алганда аткезчилик товардын баасы 23 миллион сомду түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен 23 миллион сомдон ашык канаттуунун эти алып келинген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, көзөмөл органынын өкүлдөрү финполиция менен биргеликте ЖЧКлардын биринин короосунан шабдалы жүктөлдү деп документ толтурулган машинаны карап, бирок анын ичинде 83 тоннадан ашык эт болгон.

30 миллион сомдук контрабанда. Бажы кызматкерлери жумуштан алынды
Аны текшерүү учурунда Айыл чарба жана Саламаттык сактоо министрликтеринин тийиштүү кызматтары керектүү карантиндик документтери жок экенин аныкташкан.

Талап боюнча канаттуунун этин өндүргөн ишкана ЕАЭБ мамлекеттериндеги ишканалардын реестринен каттоодон өтүшү керек. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Кытайда канаттуунун этин өндүргөн бир да фирма аталган реестрге катталган эмес.

Учурда аталган факты боюнча тергөө жүрүп жатат.